АССОЦИАЦИЯ (кошулуу, биригүү)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АССОЦИАЦИЯ (лат. associatio ‒ кошулуу, биригүү) ‒ 1) коомдо Ассоциация ‒ мекемелердин, уюмдардын же жеке адамдардын жалпы чарбачылык, саясий, илимий-маданий маселелер боюнча бир максатка биригиши; 2) психологияда Ассоциация ‒ сырткы жана ички дүүлүктүргүчтөрдүн таасиринен болчу адамдын психикалык процесстери менен кыймыл-аракеттеринин байланышы. Ассоциация адамдын мурдагы тажрыйбаларынын негизинде пайда болуп, заттар менен кубулуштардын мейкиндик-убакыт катнаштарына (мейкиндик менен убакыт ичиндеги байланыш Ассоциациясы, мисалы, жаздын келиши жана чөптүн чыгышы) алардын окшоштугун (окшоштук Ассоциациясы, мисалы, жалбырактын шуудурашы жана адамдын шыбыры) же карама-каршылыгын чагылдырышы мүмкүн (карама-каршылык Ассоциациясы, мисалы, күн менен түн, карылык жана жаштык); 3) экономикада ‒ монополиянын формасы. 2-дүйнөлүк согуштан кийин мындай уюмдар ‒ мамлекеттик-монополиялык бирикмелер айрыкча өнүктү. 1951-жылы көмүр жана болот боюнча европалык Бирикме пайда болду. 1957-жылы Европалык экономикалык шериктештик (ЕЭС) ‒ «Жалпы рынок» түзүлгөн. 1960-жылы эл аралык мамлекеттик монополиялык жаӊы бирикме ‒ Европалык соода ассоциациясы (ЕАСТ) уюштурулган. Азыр эл аралык мамлекеттик монополиялык бирикмелер барган сайын көбүрөөк түзүлүүдө. Эл аралык мамлекеттик-монополиялык бирикмелер өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүгө белгилүү көмөк көрсөтөт.