АСМАН НЕРСЕЛЕРИНИН (ТЕЛОЛОРУНУН) ОРБИТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСМАН НЕРСЕЛЕРИНИН (ТЕЛОЛОРУНУН) ОРБИТАСЫ ‒ космос мейкиндигиндеги Күн, жылдыз, планета , астероиддер, комета, жердин жасалма жандоочулары ж. б-дын кыймыл жолу (траекториясы). Асман нерселеринин орбитасынын формасы айлана, эллипс, парабола же гипербола түрүндө болот. Башка нерселердин дүүлүктүрүүчү гравитациялык орбитасынын аракетинен нерсенин сфера түрүндө эместигинен, чөйрөнүн каршылыгынан Асман нерселеринин (телолорунун) орбитасы татаал формага ээ болот.