АКЦИОНЕРДИК КООМ (АК)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКЦИОНЕРДИК КООМ (АК) ‒ уставдык капиталы тийиштүү акциялардын санына жараша бөлүштүрүлгөн чарбакер коом; капиталды борбордоштуруу жана ири ишкананы уюштуруу формасы. Акционердик коом эки түрдө болот: жабык акционердик коом жана ачык акционердик коом. Жабык акционердик коомдо да акциялар ошол коомдун уюштуруучуларына гана берилет жана ачык сатыкка түшпөйт. Ачык акционердик коом акциялары эркин сатылат жана сатып алынат. Акционердик коомдун жогорку башкаруу органы акционерлердин жалпы чогулушу болуп эсептелет. Директорлор кеӊеши, байкоочулар кеӊеши акционерлердин жалпы чогулушунда шайланат. Облигациялардын ээси добуш укугуна ээ болбойт. Акционерлер чогулушу, эреже катары, жылына бир жолу өтөт. Акционерлер коому пайдасы салык төлөөгө, ишкананы кеӊейтүүгө, резервди көбөйтүүгө, менеджерлерге, кызматкерлерге эмгек акы жана сый акы төлөөгө жана дивиденддерди төлөөгө жумшалат. Дивиденддин өлчөмү ошол акционердик коомдун экономикалык ишмердигине жараша болот жана жыл сайын жогорку органы тарабынан белгиленет. Акционердик коом Кыргызстанда негизинен өлкөнүн экономикасын көтөрүү максатында чет өлкөлүк капиталды тартуу үчүн түзүлгөн. Акционердик коом өзүнүн ишмердүүлүгүн коом кайрадан түзүлө баштаганда же жоюлганда токтототот.