АЙЫП (адат укугу)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙЫПадат укугу боюнча кылмыш жасаган­дарга бийлер тарабынан чегерилген жазалардын бири. Айып негизинен ар кыл кылмыштарда ар кандай өлчөмдө белгиленген. Адат укугу айыпты жөнөкөй айып жана тогуз айып деп бөлгөн. Жөнөкөй айып бир кара (жылкы же уй), тон (тон, ичик, чепкен, чапан), жандык (кой‑эчки) менен төлөн­гөн. Айыпкердин малы болбосо, айыптан кара күчү менен иштеп берип кутулган. Тогуз айып төө башта­ган тогуз, жылкы баштаган тогуз, уй баштаган тогуз деп белгиленген. Айрым учурларда айып­керге үч тогуз же андан да көп айып салынган. Мисалы, сарыбагыш уруусунун манабы Ниязбек уулу Ормон хандын «Ормон окуу» деген мыйза­мында бирөөнү өлтүрсө «куну» – 300 жылкы, бөлөк бирөөнүн аялын ала качып кетсе - 40 жылкы жана уурулугу үчүн - 9 жылкы өлчөмүндө айып салына тургандыгы көрсөтүлгөн. Айып үч та­раптын: жабыр тарткандын, манаптын (айрым учурда алар бийлер менен катар соттук милдет­терди аткарып, «бийлик» деп аталган салыкты төлөтүп алышкан) жана ишти караган бийдин пайдасына өндүрүлгөн.
А. Кубатова.