АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ДОЛБООРЛООНУН ПРОГРАМ ЖАБДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ДОЛБООРЛООНУН ПРОГРАМ ЖАБДЫГЫ (Computer -Aided Design Software-Програмное обеспечение автоматизированного проектирования). Автоматташтырылган долбоорлоонун програмдык жабдыгы ар кандай объекттер, буюмдардын долбоорун түзүүдө колдонулат. Долбоордун айрым бөлүгү же бүтүндөй өзгөртүлсө жыйынтыгын ошол замат алууга мүмкүндүк берет. Иштелип жаткан буюмдун үч өлчөмдүү көрүнүшүн айлантып же белгилүү бурч менен кыйшайтып кароого мүмкүндүк берет. Бул програмдык жабдыктын үлгүлөрү электрондук схемдерди долбоорлоодо, моделдөөдө, ландшафттык долбоорлоодо жана офис эмеректерин жайгаштырууда колдонулат. AutoCAD жана Parametric пакеттери кеңири таралган програмдык жабдыктарга кирет.


АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ДОЛБООРЛООНУН ПРОГРАМ ЖАБДЫГЫ.jpg