АВЛЕТИМ (кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВЛЕТИМ, А ф л а т у н – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Авлетим айыл аймагынын борбору. Ит-Агар суусунун боюнда, Бозбу-Тоонун түндүк-чыгыш этегинде, деңиз деңгээлинен 1110 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 24 км түндүк-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 90 км. 1922-жылы отурукташкан. Калкы 2 261 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында, токойчулукта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, оорукана, токой чарбасынын кеңсеси бар. Эки мончо, 4 тегирмен, май сыгуучу жана жыгаччылык цехи, 2 ашкана, базар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.