«АК КЕМЕ» ПОВЕСТИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
("АК КЕМЕ" ПОВЕСТИ барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

«АК КЕМЕ» – Ч. Айтматовдун белгилүү повесттеринин бири. Чыгарма орус тилинде «После сказки» (Жомоктон кийин) деген аталыш менен жазылып, алгач 1970-жылы «Новый мир» журналынын № 1-санына жарыяланган. Журналдын башкы редактору А. Твардовский повесть менен таанышкандан кийин «Белый пароход» (Ак кеме) деген аталышты сунуш кылган.  Чыгармада негизинен элдик салт-санаалардын башаттарына кайрылуу, жаратылышты сактоо үчүн адамдардын ыйманын сактоо (ыйман экологиясы) маселеси курч коюлган да, аны көрсөтүү үчүн адамдардын жана табияттын булгана элек, таза кезине саякат жасалган. Повесть чыгарма жарыяланары менен автордун кадыр-баркына карабай ага

Тасма ак кеме.jpg
Ак кеме тасмасы
Ак кеме тасмасы

карата бир топ сын-пикирлер айтылган. Бул повесть тууралуу Ч. Айтматов борбордук газетанын өз кабарчысы катары иштеп жүргөн кезинде, иш сапар менен бир жолу Соң-Көлгө барып келе жатканда булар түшкөн машинага браконьерлер атып алган бугуну жүктөшкөнүн, аны көргөндө көңүлү катуу калганын жана ошол окуя повестти жазууга түрткү болгонун эскерген. Мындан тышкары автор бир жолу Пекин шаарындагы мейманканада бир жигит: «Мен ошол сиз жазган «Ак кемедеги» аты жок баламын» деп коңгуроо кылганын, түрк ишкери «Сиздин «Ак кемеңиз» фильм болуп Түркияга караштуу деңиздердин боюнда кайра тартылса, мен бүт каражатын көтөрөр элем» дегенин, башка бир түрк жазуучусу Айтматовго жолукканда «Анадолудан Азияга «аты жок балдарды» окутуу үчүн мугалимдер кетишти» деп айтканы сыяктуу эскерүүлөрүн калтырган. 1978-жылы А. Жакыпбеков тарабынан кыргызчага которулуп, «Ала-Тоо» журналынын № 12 санында жарык көргөн. Бул чыгарманын негизинде 1975-жылы режиссер Б. Шамшиев тарабынан «Ак кеме» аттуу көркөм фильм тартылып, 1977-жылы СССР Мамлекетик сыйлыка татыктуу болгон. Бул повесть сахналаштырылып, дүйнөнүн көптөгөн театрларында көрүүчүлөргө тартууланган. Фильмде тоодон карагай сүйрөп келе жатып сууга кулаган атты тургузууга аракет кылган белгилүү актёр А. Куттубаев менен О. Кутманалиевдин сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылган. «Ак кеме» фильмин тартууга жалпы 600 миң рубль бөлүнүп, басымдуу бөлүгү Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылган. Анда Т. Уралиев, С. Күмүшалиева, Д. Күйүкова, Н. Мамбетова, Ч. Думанаев, А. Темирова жана Н. Сыдыгалиев роль жараткан. Ч. Айтматовдон «Кайсы чыгармаңызга тартылган фильм сиздин купулуңузга өзгөчө толот?» деп сурашканда ушул фильмди атаган.  Фильм 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Торонто (Италия) кинофестивалдарында баш байгени алып, анын сценарийи жана жалпы фильм СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Тасма 1976-жылы IX Бүткүл союздук кинофестивалда баш байгеге татып, СССР Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. Андан сырткары, 1977-жылы Италияда «Алтын Эдельвейс»,  «Күмүш лачена» сыйлыктарын уткан. Бурят опера жана балет театрынын (композитор Сойников, балетмейстер Волкова) балети жана Кыргыз мамлекеттик опера балет театрынын (композитор Жумабаев, либератто Абдужалилов, Абдыгулов) балет-спектакли өз мезгилинин мыкты эмгектери катары искусство таануучулар тарабынан жогору бааланган. Дүйнөнүн өтө көп театрлары бул повесттин негизинде спектаклдерди элге тартуулаган. Алардын ичинен Ош кыргыз драма театрындагы (инценировкалаган жана режиссёр – И. Рыскулов, Баланын ролунда – Р. Абдубачаева) спектакль элге көп жолу көрсөтүлгөн. 2020-жылы Кыргыз Эл артисти атактуу режиссёр А. Сүйүндүков «Ак кеме» повестинин негизинде «Шамбала» деген ат менен «Ак кеме» тасмасынын жаңы вариантын элге тартуулады. Бул тасма Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында тартылган.

Ад.: Айтматов Ч. Т. Повести. М., 1987; Үкүбаева Л. Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын көркөм дүйнөсү (2-басылышы). Б., 2008; Акматалиев А. Айтматов жөнүндө күндөлүктөн. Б., 2015;

Б. Сурапбаева