БАДАМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:46, 8 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (Amugdalus) ‒ өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы уруусу, дарак же чала бадал. Бийикт. 8‒10 м. Жалбырагы кезектешип жайгашкан. Гүлү ак же күлгүн, жалбырак байлаганча же аны м-н чогуу ачылат. Б. түктүү ж-а түксүз болот. Мөмөсү ‒ данекче. Кургакчылыкка чыдамдуу. Эрте гүлдөгөндүктөн жазгы суукта үшүп кетиши мүмкүн. Отургузгандан 3‒4 жылдан кийин мөмө берет. 50дөн ашык түрү бар. Кыргызстандын түштүгүндө Лейлек, Сузак ж-а Ноокен р-ндорунда өстүрүлөт. Кадимки Бобовник, Петунникова сорттору көп тикендүү, Бухара түрлөрү өтө кеӊири таралган.Данеги кондитер ишинде, эфир майын алууда ж. б. пайдаланылат. Анын кээ бир түрү кооздук үчүн өстүрүлөт.