АТА-СУУ ТЕМИР КЕНДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:59, 6 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Казакстандагы Караганды обл-ндагы темир-марганец, барит-полиметалл кендери жайгашкан аймак. 1956-жылдан ачык казылып алынат. Кенташта 60ка жакын майда кендер кездешет. Кен девон, карбон мезгилдеринин жанар тоо ж-а терриген-карбонаттуу тоо тектеринен турат. Жайылма синклиналынын бир канатында жайгашкан. Жалпы уз. 140 км, туурасы 10‒30 км. Чалгындалган кендин жалпы запасы 538 млн т. Курамында Аe2O3 39‒51,5%; кенташтагы Mn 15‒40%. Темир-марганец кендеринин ирилери Кара-Жал, Кытай, Жейрен, Үч-Катын III, Жомарт, Камыш, Кереге-Таш, Беш-Төбө, Кылыш ж-а Ак-Кудук. Кенташтардан алынган чийки зат Казакстандын кара ж-а түстүү металлургия өнөр жайларында иштетилет.