АВРОРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:24, 5 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(лат. Aurora) – байыркы рим мифологиясындагы Кудайларга ж-а адамдарга жарык тартуулоочу таңзаарынын Кудайы.
АВРОРА86.png
Ал байыркы грек мифологиясындагы Эос кудайына ылайык келет. Антикалык иск-водо Эос-Аврора сүрөтү сейрек учурайт. Алар көбүнесе вазаларда тартылган сүрөттөрдө кездешет. А. жаркыраган аттарга чегилген арабада океандан асманга көтөрүлгөн жаш, канаттуу аял катары, о. эле канаттуу Кудай эне түрүндө ар түрдүү эпизоддордо: Кефалды тейлеген учуру, Мемнонду жоктоп ыйлаганы чагылдырылган. Мындай вазалар Луврда (Париж), Римде ж. б. жерлерде сакталууда.