АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:45, 5 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 А б у Бакр Мухаммед ибн Жафар а н-Н а р ш а х и (899–959) – орто азиялык тарыхчы. Бухаранын түндүгүндөгү Наршах кыштагында туулган. 943–44-ж. араб тилинде Саманиддер эмири Нух ибн Насрга (943–954) арнап, «Бухара тарыхы» («Тарих-и Бухара») эмгегин жазган. Анын бул эмгеги 7–12-к-дагы Бухаранын ж-а Заравшан д-нын төмөнкү агымындагы оазистин тарыхы ж-а топографиясы б-ча баалуу булак. Анда О. Азиянын тарыхы, арабдар келгенге чейинки (7–12-к.) Бухара аймагы ж-дө маалыматтар бар, о. эле О. Азияны арабдардын каратуусу, Абруйдун ж-а Муканнанын көтөрүлүштөрү, исламдын буддизм м-н христиан динин сүрүп чыгаруусу ж-дө да айтылган.