АББАС I

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
20:58, 4 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (27. 1. 1571, Казвин – 19. 1. 1629, Исфакан) – Ирандын шахы (1587-жылдан), Сефевиддер династиясынан. Борборлоштурулган бийликти бекемдеп, түрктөрдөн эмес, отурукташкан ирандыктардан түзүлгөн жарандык бюрократиянын ролун күчөткөн. А. I Ирандын борб. райондорун чет жакадагы аймактардын ж-а багындырылган өлкөлөрдүн эсебинен чыңдаган. Анын тушунда мамлекеттин борбору Исфакан ш-на (1598) көчүрүлөт. Ирандын ички провинцияларына армян, грузин, азербайжан, курд кол өнөрчүлөрүн ж-а дыйкандарды күч м-н жер которуштурган. Өлкөдө жолдор, каналдар, кербен сарайлар салынган, регулярдуу аскерлерди топтогон. Түркия м-н согушуп, Закавказье, Ирак, Хорасандагы үстөмдүгүн калыбына келтирген ж-а Бахрейн а-н, Кандагарды ж-а Ормуз а-н басып алган. Ал Европа өлкөлөрүнүн мад-тына кызыккан, бир катар өлкөлөр м-н соода ж-а саясий мамилелерди түзгөн. А-тын тушунда Иран көз каранды эместикке жетишкен ж-а өзгөчө күчтүү өлкөгө айланган.