АБШЫР-САЙ СУРЬМА КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:33, 4 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Көк-Жар кыш-нан түш. тарапта, Алай кырка тоосунун түн. капталында, деңиз деңг. 2600–3100 м бийиктикте. 1946-ж. табылып, 1966–82-ж. мезгил-мезгили м-н геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен жаткан аймак силур мезгилинде пайда болгон акиташ теги м-н сланецтерден ж-а аларды жиреп чыккан гранит-диорит интрузияларынан турат. Кен татаал өзгөрүүлөргө учурап, өтө жаракаланган антиклиналдык түзүлүштүн түн.-батыш капталында жайгашкан. Сурьма кени бири-биринен 

25–30 м аралыктагы эки кенташ (руда) горизонтунан (астынкысы акиташ теги м-н сланец катмарларынын ортосунда, үстүнкүсү сланецтин арасында) турат. Кенташ линза ж-а тарамча түрүндө (калыңдыгы 1 смден 25 мге чейин). Негизги минералдары: антимонит, валентинит, кермезит, алардан башка киноварь, реальгар, пирит, арсенопирит, пирротин, халькопирит, марказит, сфалерит ж-а флюорит да бар. Сурьманын орт. өлчөмү 4,71%, алтындыкы 1,08 г/г, флюориттики 25,4%. Кенташтын С2 категориясы б-ча запасы 338,6 миң т. Сурьманын запасы 14114 т, алтындыкы – 1,97 т, флюориттики – 56763 т.