АВИАМОДЕЛЬ СПОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:10, 4 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – спорттун кеңири таралган түрү; учуучу моделдерди (самолёт, планер, вертолёт, ракета ж. б.) конструкциялоо ж-а даярдоо, ылдамдыгын, учуу узактыгын ж-а жогорку пилотаждык фигураларды аткаруу сапатын сыноону башкаруу б-ча мелдеш. Учуучу моделдердин 1-мелдеши 1905-ж. Францияда өткөрүлгөн. Ага планер моделдери гана катышкан. Эл аралык авиамодель комиссиясы  1923-ж. негизделген. Бул спорт б-ча мелдештер негизги категорияга бөлүнөт: эркин учуучу; айланып учуучу; радио м-н башкаруучу. Дүйнөлүк чемпионат 1925-жылдан өткөрүлөт.