АБДУРАСУЛОВ Ырысбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:56, 4 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Ырысбек (1950-ж.т., Тажикстан, Жерге-Тал кыш.) – койдун селекция, генетикасы ж-а породасы б-ча адис, а. ч. илимд. доктору (1999), проф. (2001). 1972-ж. КАЧИни бүтүрүп, ошол эле жерде аспирантурада окуган. 1972–73-ж. колхоздо веттехник, Мал чарба ИИИде, Кыргыз ССР ИАнын Биохимия ж-а физиология ин-тунда кенже ил. кызматкер (1975-81), К. И. Скрябин атн. КАЧИде  ассистент, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1981-91), Кыргыз агрардык академиясында  (КАУда) ил. иштер б-ча проректор (1996–2001), 2001-жылдан Эл аралык тоолор ин-тунда директор. А. 50дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 2 монографиянын автору.
Эмг.: Экологические основы селекции овец кыргызской тонкорунной породы. Б., 1997.