АБУ-СИМБЕЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:25, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
—  Нилдин батыш жээгиндеги байыркы эстеликтер топтолгон чөлкөм (Египет). Б. з. ч. 13-к-дын 1 -жарымында аскадан оюлган Байыркы Египеттин 2 храмы, статуялар, рельефтер сакталган. Асуандан 320 км алыстыкта Нубия чөлүндө Египеттин атактуу фараону АбуСимбелге арналган өзгөчө ж-а укмуштуудай со-
Файл:АБУ-СИМБЕЛ —59.png
Абу-Симбелдеги Чон храмдын фасады.

нун, зор курулуш орун алган. Идея б-ча бул храм үч кудай: Амон-Ра, Хармакис ж-а Птах ага арналып, бирок иш жүзүндө Египеттин падышасы Улуу Рамсес Пнин даңкын чыгарып, атын түбөлүккө калтыруу үчүн курулган. Нубия чөлүндөгү туурасы 65 м, бийикт. 38 м Абу-Симбел храмы асканын бетине оюп жасалган. Ошол кездеги скульпторлордун башчысы Пиаэйдин (аты храмдын интерьеринде жазылган) жетекчилиги м-н көптөгөн аскер туткундары иштешкен. Фараондун тактысында төрт статуя отургузулган (бийикт. 20 м, бир кулагынан экинчи кулагына чейинки аралык 4 м, оозунун уз. 1 м). Статуя Рамсестин күчүнүн символу ж-а 31 ж бийиктиктеги фасадды кармап турган ко лонна катары колдонулган. Статуялардын ортосундагы эшик аркылуу сыйынуучу жайга кирет. Ал жерде Рамсестин өзүнүн статуясы бар. Бул сыйынуучу жайда «күндүн кереметин» көрүүгө болот. Бир жылда эки жолу 21-мартта ж-а 21-сентябрда, саат 5тен 58 минута өткөндө күндүн нуру бир сызык б-ча өтүп, Амон-Ра м-н Рамсес Пнин сол ийнине тиет. Бир нече минутадан кийин нур Хармакиске тийип, 20 минутадан кийин жарык жок болот. Эң кызыктуусу, караңгылыктын кудайы болгон Птах ага эч качан жарык түшпөйт. Падыша Рамсес Пнин Сирияга жортуулу ж-дө ошол кездеги сарай акы ны Пентаурдун узун поэмаларынын тексти храм дын дубалдарында жазылган.

Н. Жылдызова.