АБРАЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (лат. abrasio – кыруу, жышуу) – деңизде, көлдө ж-а ири суу сактагычтарда толкун м-н шарпылдактын таасиринен жээктердин жемирилип бузулушу. А-нын тездиги толкундун
Ж-Жар (клиф); АТ - Абразиялык тектир; АК - Аккумуля циялык кашат; СД - Суу деңгэзли.

күчүнө, жээктеги тоо тектердин курамына байланыштуу. А-нын натыйжасында жээкте абразиялык (жемиринди) тектир м-н жар (клиф) түзүлөт. Айрым учурда жээк жемирилип отуруп кашаты тегизделип, жайык формага өтөт. Тоо тектердин А-дан пайда болгон кесек сыныктары, кум, чопо ж. б. толкун м-н шиленип, суу түбүндөгү А-лык жантаймалардын этегине чогулуп, аккумуляциялык кашатты пайда кылат.