АБО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
–  Кыргыз кагандыгындагы белгилүү кол башчы (9-к-дын орто чени). А. тууралуу маалымат кытай булактарында кездешет. Андагы маалыматтар б-ча кыргыз өкүмдары 840-ж. Уйгур кагандыгын талкалап, анын ордосун ээлегенден кийин уйгур каганынын зайыбы, түпкү теги кытай ханайымы Тайхону туткундаган. Ал Кытай мамлекети м-н мамиле түзүү максатын көздөп, 841-ж. ханайымды элчи Түлүш Алптын коштоосунда Тан империясына жөнөтөт. Кыр гыз элчилигине жолдон уйгур каганы Уцзе кол салып, алар ханайым Тайходон бөлөгүнүн баарын өлтүрүшүп, Гоби аркылуу азыркы Монголиянын чыгыш тарабына качып барышат. Кыр гыз өкүмдары алардын артынан аскер башчы А. баштаган 70000 аскер жөнөтөт. Ал Тяньдэ воеводствосунун түш.-батышы аркылуу жол тартып, шивейлерге кол салып, мында калган уйгурларды туткундап, аларды Гоби чөлүнүн түн. бөлүгүнө жайгаштырган.	

М. Кожобеков.