АБЕТЕКОВ Асан Кемелович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Асан Кемелович [17. 4. 1938, Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Күн-Чыгыш (Бөкөнбаев) айылы – 15. 8. 2021, Бишкек] – археолог, КРдин мад-тка эмг. сиң. ишмери (2002). 1959-ж. КМУнун тарых ф-тин бүтүргөн. 1966 –72-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунун ил. кызматкери, 1972–92-ж. СССР ИАнын О. Азия ж-а Казакстан археологиясынын проблемалары б-ча ил. координациялык советинин мүчөсү, «Орто Азия археологиясынын ийгиликтери» журналынын жооптуу секретары, СССР маданий фондунун Кыргыз башкармалыгынын төрагасынын орун басары, 1992–95-ж. «Манас-1000» мамл. дирекциясынын башкы адиси, 1995-жылдан КР УИАнын «Манас-таануу» ж-а көркөм мад-тынын улуттук борборунун улук ил. кызматкери, Ж. Баласагын атн. КУУнун доценти. Түш. Сибирь, Тоолуу Алтай, Минусин ойдунунда (Хакасия), Енисейдин жээктеринде ж-а Кырг-ндын бардык чөлкөмдөрүндө коло доорунун сак, усун, гун ж-а түрк

тилдүү көчмөн элдердин археол. эстеликтерин
казып изилдеген (1961–90). Б. з. ч. 3- ж-а б. з.
5-к-да жашаган усундардын «Карабалта» кыштакчасынын калдыктарын ачып (1964), алар көчмөн уруулар гана болбостон, отурукташып жашап жер иштетүү м-н да кесип кылган, комплекстүү чарбасы бар байыркы элдерден болгондугун, о. эле Кочкор өрөөнүндөгү «Бугучу», «Куренкей», «Албанжыга» эстеликтерин изилдеп, ал жерден ачылган монументалдуу «коргон» арх-расын, өлүктү коюу ырым-жырымын б. з. ч. 5–3-к-да Теңир-Тоодо жашаган тиграхауда-сак урууларынын мад-тына таандык экендигин далилдеген. Түш. Кырг-ндын ж-а Жети-Суунун көчмөн урууларынын археол. материалдарын классификациялоодо матем. алпагордуу ж-а алгорифманы биринчи жолу археология илимине колдонгон. 100дөн ашык ил. ж-а ил. популярдуу макалалардын (а. и.«Борбордук Азия цивилизацияларынын тарыхы» (History of civilizations of Central Asia, Volyme2 UNESCO, Paris 1994 автору.