АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ОКУТУУ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:27, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(АОС) ‒ окуу программасынын бир түрү. Предметти окутууда, билимди текшерүүдө, консультация ж-а маалымат берүүдө, окуучуга жекече мамиле кылуу м-н убакытты кыскартууда ж-а окутуунун сапатын көтөрүүдө, окуу программасын иштеп чыгууда программалоонун алгоритмдик тилдерине салыштырмалуу убакытты 5 эсе кыскартууда, окуу ишмердиги тууралуу жыйындарды уюштурууда ж-а статистикалык маалыматтарды эсептөөдө колдонулат. Ал окуу процессинин конкреттүү керектөөсүнө ылайыкташ тырылып пед. изилдөөлөрдө ж-а эксперимент терде колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек, о. эле окуу программаларын ж-а материалдар ды дифференциациялоо ж-а кеӊейтүү касиетте рине да ээ болуусу зарыл. Кеӊири тараган АОСко төмөндөгүлөр кирет: «АОС ЖОЖ» (ЭЭМ ЕС үчүн), «Школьница», «Рига», «Радуга» (түрдүү типтеги персоналдык ЭЭМ үчүн).