АВСТРАЛИЯ материги

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:52, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
лат. Australia - түштүк) - Жершарындагы эң чакан материк, дүйнө бөлүгү. Аянты 7631,5 миң км2 (аралдары м-н кошо 7704,5 миң км2). Калкы 23,1 млн (2013). Эң түн. чегин Йорк (10°4Г түш. к.), түштүгүн Саут-ИстПойнт (39°11' түш. к.), батышын Стип-Пойнт

(113°05' чыгыш уз.), чыгышын Байрон (153°34' чыгыш уз.) тумшуктары түзөт. Чыгыш жээгин Тынч океандын деңиздери (Тасман, Коралл), түндүгүн Арафура деңизи, батышы м-н түштүгүн Инди океаны чулгайт. Жакын жайгашкан Жаңы Гвинея, Тасмания, Кенгуру, Мелвилл, Батерст, Грунт-Айленд аралдары м-н кошо Түш. жарымшардан орун алган. Түн.-чыгыш жээгин бойлой Чоң Тоскоол рифи 2,3 миң кмге созулат. Жээктеринде булуң-буйтка аз; эки чоң булуң (түндүгүндө Карпентария, түштүгүндө Австралия Чоң булуңдары) кургактыкка терең кирет. Эң ири жарым аралдарын (Кейп-Йорк м-н Арнемлендци) Карпентария булуңу бөлүп турат.
Материктин негизин (батыш ж-а борб. бөлүктөрүн) кембрийге чейин пайда болгон Авст ралия платформасы, чыгыш бөлүгүн Чыгыш Австралия геосинклиналдык бүктөлүү алкагы ээлейт. Австралия платформасы байыркы су перконтинент Гондвананын бир бөлүгү болуп саналат. А. дүйнө бөлүктөрүнүн ичинен урандын, алмаздын, никелдин, титандын ж-а ильменит-рутилдин запасы б-ча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. О. эле коргошун, цинк, тан тал, алтын, темир, марганец, боксит, фосфорит, күрөң ж-а таш көмүр, нефть, табигый газ ж. б. кендерге да бай.
А. – дүйнө жүзүндөгү эң жапыз материк; де ңиз деңг. орт. бийикт. 215 м. Аймагынын 95% ке жакын аянтынын бийикт. 600 мден ашпайт. Материктин чыгыш бөлүгүн жалпак чокулуу, бири биринен обочо жайгашкан тоолордон тур ган Чоң Суу Бөлгүч кырка тоосу ээлейт. Анын чыгыш капталы тик, батышы жантайыңкы дөбө-дөңсөөлүү (даунстуу). Эң бийик жери Авс тралия Альп тоолорундагы Косцюшко чокусу (2228 м). Материктин орто бөлүгүндөгү Борб. ойдуңундагы Эйр-Норт көлүнүн бети деңиз деңг. 12 м төмөн жайгашкан (Австралиянын эң чуңкур жери). Батышы бөксө тоолуу (400–500 м); көптөгөн кырка ж-а супа сымал тоолордон ту рат: Хамерсли (бийикт. 1251 м), түш.-батышында Дарлинг (571 м, Стерлинг (1096 м), чыгышында Мак-Донелл (1511 м), Масгрейв (1440 м) кырка тоолору, түндүгүндө Кимберли платосу (937 м) жайгашкан. Материктин түш.-батыш чет жакасында орто, бийик ж-а жапыз тоолор Флиндерс (1180 м) ж-а Маунт-Лофти (932 м) ээлейт.
А. - Жер шарындагы эң кургакчыл материк. Суммардык күн радиациясы жогору (жылдык өлчөмү 5880ден 7500 МДж/м2те чейин). Мате риктин аймагынын жарымынан көбү тропиктик, түн. чет жакасы субэкватордук, түштүгү суб тропиктик климаттык алкактарда жайгашкан. Субэкватордук климаттык алкакта жайкы мус сон (жылдык жаан-чачындын 70% ке жакыны жаайт) ж-а кышкы кургакчыл сезон даана бай-

АВСТРАЛИЯ

калат. 20-28°Сге жеткен дайыма ысык аба ырайы мүнөздүү; жаанчыл сезон болор алдында 40°Сге чейин ысыйт. Кээде түн. жээгине тропиктик ура ган да кириши мүмкүн. Тропиктик климаттык алкак эки секторго бөлүнөт: кургакчыл чөл ж-а жарым чөлдүү континенттик (батышта Инди океанынын жээгинен чыгышта Чоң Суу бөлгүч кырка тоосуна чейин) ж-а жайы ысык, нымдуу, кышы жылуу, бирок анча нымдуу эмес океан жээктик (чыгыш жээктеринде ж-а тоолордун айдарым капталдарында). Тоолору жапыз болсо да нымдуу абаны батышты карай өткөрбөй, жаан-чачынды негизинен жээк тилкесине ж-а кырка тоолордун чыгыш капталдарына жаадырат. А-нын түш. бөлүгүнө тропиктик чөл кли маты мүнөздүү; мында жыл бою континенттик аба үстөмдүк кылып, жаан-чачындык жылдык өлчөмү 250 ммден ашпайт (мында А-нын эң ысык жери – Чоң Кумдуу чөл жайгашкан). Аба нын жайкы орт. темп-расы 28–30°С (кээде 40°Сден ашат, абс. максимуму 53,1°С), кышында 12–20°С (кээде абанын кескин муздашы да байкалат). Материктин түш.-батыш, о. эле түш.чыгыш бөлүктөрүнө, Муррей д-нын алабына жер ортолук деңиз тибиндеги климат мүнөздүү, жайы ысык, кургакчыл, кышы серүүн, нымдуу. Чоң Суу бөлгүч кырка тоосунун чыгыш каптал дарында ж-а Тасмания а-нын түндүгүндө муссондук климат өкүм сүрөт, туруктуу нымдуу (жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1500 ммге че йин). Кыш айларынын орт. темп-расы 5–10°С. Австралия Альп тоолорунда жаан-чачын арбын жаап, абанын темп-расынын сезондук өзгөрүүсү кыйла жогору (кышында 20°Сге че йин суук болот). Налларбор түздүгүндө жаанчачын аз (250 ммге чейин) жаайт. Тасманиянын түштүгү мелүүн алкакка кирет.
А. агын сууга жарды. Дарыя агымынын өл чөмү болгону 350 км3 (Жер шарынын дарыя агы мынын 1%ке чейинкиси), суу агымынын катмары 50 мм (жылдык; бул болсо Европаныкынан 6 эсе, Түш. Американыкынан 8 эсе аз). Суусу мол дарыясы – Муррей (суусунун жылдык орт. чыгымы 330 м3/сек), эң узуну – Дарлинг (уз. 2740 км). Негизинен жаан-чачын сууларынан куралат. Көп дарыяларында суу мезгил-мезгили м-н пайда болот (криктер). А-нын аймагынын 60% и суу агып чыкпаган туюк облуска кирет. А-да көлдөр ж-а байыркы көлдөрдүн чанактары көп. Алардын басымдуу бөлүгү туюк, шор баскан көлдөр, көбү жамгырдан кийин сууга толот. Эң ири көлү - Эйр-Норт, анын аянты жаанчыл жылдары 15 миң км2 ге жетип, кур гакчыл мезгилдерде майда тайыз көлмөлөргө ажырап кетет. Ири туздуу көлдөрү: Торренс, Гэрднер, Фром ж. б. А-нын батыш бөлүгүндөгү көптөгөн туюк көлдөр туздуу көлдүү түздүктү пайда кылат. А. жер астындагы, а. и. артезиан сууларына бай (бассейни материктин 1/3 бөлүгүн ээлейт; аянты 2,5 млн км2дей). Алар өнөр жайында, а. ч-да ж-а турмуш-тиричиликте кеңи ри пайдаланылат. Ири артезиан бассейндери: Чоң Артезиан бассейни, Муррей, Мортон-Кларенс, Юкла ж. б.
А-нын басымдуу бөлүгүндө, өтө кургакчыл ички аймактарында тропик ж-а субтропиктин чөл ж-а жарым чөлдөрүнүн жөнөкөй топурактары кеңири таралган. Батыш A-да таштак, темирлүү конкрециялык топурактар, Борб. ойдуңдун түздүктөрүндө кумай-чопо ж-а чополуу, туздуу көлдөрдүн тегерегинде шортоң топурак тар үстөмдүк кылат. Нымдуураак ж-а латериттешүү боло баштаган сайын чөлдүн жөнөкөй топурактары жарым чөлдүн кызгылт-коңур ж-а саваннанын кызыл-коңур топурактары м-н алмашат. Субэкватор алкагына күлдөшкөн кызыл ж-а күлдөшкөн латерит, субтропикке бозомук-күрөң ж-а күрөң топурактар мүнөздүү. Тоолордо токой астында кызыл-сары ферралит, Тасмания а-нда коңур ж-а саргыч-коңур токой топурактары кеңири таралган.
А-нын өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар дүйнөсү байыркылыгы ж-а эндемизмдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. 12 миң татаал өсүмдүк түрүнүн 80% и эндемия өсүмдүктөр (мис., акация уруусунун 500дөй түрү, эвкалипт уруусунун 500дөй түрү А. флорасынын эң мүнөздүү өкүлү болуп сана лат). А-нын флорасында о. эле Түш. Американын (мис., түш. бук), Түш. Африканын (протейлүүлөр), Түш.-Чыгыш Азиянын (фикус, панда нус ж. б.) өсүмдүктөрүнүн айрым өкүлдөрү да кездешет. Бул болсо А. бор мезгилине чейин баш ка материктер м-н туташ болгондугун айгинелейт. Материктин чет жакасын (батышынан башкасын) нымдуу токой – түн.-чыгышын да йыма жашыл, түш.-чыгышын ж-а түш.-батышын эвкалиптүү тропик токойлору ээлейт. Ма териктин ичин карай климаттын континенттүүлүгүнүн күчөшүнөн нымдуу токой тропиктик кургакчыл эвкалипт токою, сейрек токой ж-а саванна м-н алмашат. А-нын ички кургакчыл бөлүгүн бадалдуу ж-а чөп өсүмдүктүү формациялар ээлейт. Жарым чөлдөрдө скрэб бадалдарынын, чөлдөрдө чөл өсүмдүктөрүнүн үстөмдүк кылышы А-нын өзгөчөлүгүн түзөт. Жарым чөлдүү ж-а саванналуу аймактары табигый жайыт. Товардык мааниси бар токой материктин 2%ин аянтын ээлейт. Токойлорунда эвкалипт басым дуу, анын жыгачы катуу, бышык, чирибейт, андан эфир майы да алынат.
Жаныбарлар дүйнөсү эндемик уруусунун ж-а тукумунун көптүгү, татаал түзүлүштөгү сүт эмүүчүлөрдүн аздыгы (башка жактан алынып келинген ж-а кийин жапайы болуп кеткен ит, чочко, коёнду кошпогондо) м-н айырмаланат. Баштыктуу жаныбарларга (кенгуру, баштыкчан момолой) өтө бай. Жумуртка туучу сүт эмүүчүлөр (өрдөк тумшук, ехидна) м-н эки түрдүү дем алчу цератод балыгы А-да гана кездешет. Эму төө кушу, какаду тоту кушу ж. б. А-га мүнөздүү.
А-да 4,5 минден ашык табигый аймак ө з г өчө коргоого алынган (өлкөнүн 8% аймагын түзөт), а. и. 500дөйү улуттук парктар ж-а табият эстеликтери (мис., А-нын символу – ЭрсРок калдык тоо массиви). 12 улуттук паркы глобалдык биосфералык корук тармагына, ал эми 15и Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кир ген. Материктеги алгачкы, дүйнөдөгү 2-улуттук парк – Ройал (Сидней ш-нан 32 км түш. тарабында) 1879-ж. уюшулган. Эң маанилүү улут тук парктары: дүйнөдөгү эң ири Чоң Тоскоол Рифи деңиз паркы (аянты 500 миң км1), Кака ду улуттук паркы.
А-нын калкынын антроп. курамы ар түрдүү. Аборигендер (жерг. адамдар) австралия расасына кирет. Түш. австралиялыктар түндүктөгүлөргө караганда кыска бойлуу, жазы мурундуу ж-а денесинин түктүүлүгү м-н айырмаланат. Түш. ж-а Түн. континенттегилер тармал чачтуу, кара тору, калың эриндүү келет. Калгандары ар башка антроп. типтерге, көбүнчө ев ропеоид расасына кирет.
А-нын аймагында Австралия мамлекети жай гашкан.
Ад: Свет Я. М. История открытия и исследования Австралии и Океании. М., 1966; Мухин Г. И. Австра лия и Океания. М., 1967; Кист А. Австралия и острова Тихого океана. М., 1980; Физическая география материков и океанов. М., 1988; Бараталиев Ө. Материктердин ж-а океандардын физикалык географиясы. Б., 2005. К. Жумашев.