АВИАЦИЯ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:52, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– учуучу аппараттарды (самолёт, вертолёт, канаттуу раке та, дирижабль ж. б.) кыймылга келтирүүчү жы луулук кыймылдаткычы. А. Ф. Можайскийдин самолётуна орнотулган (1885) буу кыймылдат кычы алгачкы А. к. болгон. Иштөөсүнө карата ичинен күймө бышкектүү (поршендүү) кыймыл-
Файл:АВИАЦИЯ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ84.png
Турбореактивдүү авиациялык кыймылдаткыч (жал пы көрүнушу ж-а схемасы): 1 - киргизгич түзүлмө; 2 - компрессор; 3 - кыймылдаткычтын тулкусу; 4 күйүү камерасы; 5 - сопло аппараты; 6 - бара (тур бина); 7 - реактивдүү сопло.

даткыч, аба-реактивдүү кыймылдаткыч ж-а ре активдүү самолёт кыймылдаткычы деген 3 не гизги класска бөлүнөт. А. к-на коюлуучу негиз ги талаптар: керектүү тартуу (тяга) же кубаттуулук кезинде массасынын ж-а өлчөмүнүн ки чине болушу, ишенимдүүлүгүнүн, жумуш ресурсунун ж-а отундун үнөмдүүлүгүнүн жогорулугу; экол. параметрлеринин (чуу, атм-га зыяндуу заттардын бөлүнүшү) учурдагы нормаларга шайкештиги. А. к. кийинчерээк бүт өлкөдө ичинен күймө бышкектүү кыймылдаткычтын негизин де жасала баштайт. А. к. бурама сайлуу реак тивдүү ж-а айкалышкан турбобуралгылуу бо луп бөлүнөт. Тартуу күчү реактивдүү кыймылдаткычта күйүүчү газдын чоң ылдамдыкта соплодон агып чыгышынан, буралгылуу кыймылдаткычта буралгынын айлануусунан, айкалыш кан турбовинттүү кыймылдаткычта аба буралгысынын айланышынан ж-а күйүүчү заттардын агымынан пайда болот. Бышкектүү А. к. учуу ылдамдыгы 200-500 км/с вертолётордо, турбо буралгылуу А. к. ылдамдыгы 500-800 км/с бол гон самолёттордо колдонулат. Улуу Ата Мекен дик согуштан кийинки турбореактивдүү А. к-нын ылдамдыгы 960 км/ска. жеткирилген. 1965-67жылдарда турбореактивдүү ж-а турбобуралгылуу А. к-тарынын негизинде эки контурлуу турбо реактивдүү кыймылдаткычтар пайда болгон. Алар үн ылдамдыгына жакын ж-а андан жо горку ылдамдыкта учуучу самолёттордо колдо нулат.