«АВЕСТА» жыйнагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – байыркы заманда ж-а о. кылымдын башында Иранда, О. Азияда, Азербайжанда, Афганистанда кеңири тараган диндин (зороастризмдин) ыйык тексттеринин жыйнагы. Тексттер оозеки түрүндө атадан балага мурас ка тары өтүп турган. Илимде «Авеста тили» аталган байыркы тилде, б. з. ч. 3-к-да кагазга түшүрүлгөн. Сасаниддер династиясынын тушунда (3–7-к.) «А.» 21 китептен куралган. Биздин доорго алардын төрттөн бири гана келип жетти. «А.» ошол доордун болмушун толук чагылдыра тур ган материалдардан турат. Анда О. Азия, Иран, Азербайжан калктарынын эзелки доордогу коомдук-экон. турмушу, диний ишеним-ынанымдары, дүйнөгө көз караштары салт үрп-адаттары тууралуу мол маалымат берилет. Жыйнактын көп бөлүгү жоголгон, унутулган. Окумуштуулардын болжоолорунда ал бир нече бөлүктөн турат: 1) Яшт (алгачкы коомдогу карым-катнаштар, көп кудайга сыйынуу ж. б.);

Тат (Ахураммазда Кудай тууралуу таалимтарбия); 3) көп кудайга сыйынуучулар м-н бир Кудайга кулдук уруучулар ортосундагы күрөштүн натыйжасында б. з. 5-к-да чогултулса керек. Көптөгөн окумуштуулар «А.» Иранда Са саниддер династиясынан чыккан Хосров шах I тушунда жазылган деп эсептешет.
Ад.: Оранский И. М. Введение в иранскую фило логию. 2-е изд. М., 1988; Бойс М. Зороастрийцы. Верования и обычаи. 4-е изд. Спб., 2003.