АБЫЛАЙ ХАНДЫН КЫРГЫЗДАРГА КАРШЫ ЖОРТУУЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:52, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – 18-к-дын экинчи жарымынан кыргыздарды өзүнө каратып алуу максатында казак ханы Абылайдын кыргыз жергесине уюштурган баскынчыл согуштук аракеттери. Жун гар хандыгы кулагандан кийин, кыргыз-казак элдери чек аралаш аймактардагы жайыттарга ж-а конуштарга талапкер боло башташкан. Жайыт, жер ж-а конуш талашуудагы өз ара дооматтар акыры чоң жаңжалга айланат. Көчмөндөр өз муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн бири бирин талап-тоноочулукка өткөн, жылкы

тийип, барымтага алуу сыяктуу кейиштүү жосундар туруктуу мүнөзгө айланган. Башкаруучу төбөлдөр да мындай ыкманы колдоп, барымтанын эсебинен үйүрдүн башын көбөйтүүнү максат кылышкан. Өзгөчө Иле д-нын алабы, Чүй ж-а Талас сууларынын төмөнкү агымындагы конуш жерлер талашка түшкөн. Мамилелердин курчушу 1759-, 1764-, 1765-, 1766-, 1768-ж-дагы эки тараптын ортосундагы кандуу кагышууларга алып келген. 1765-ж. Абылай султан Түркстандын чет жакасында көчүп жүр- гөн Каработо бийге кол салып, мал-жаны м-н барымтага алган. 1771-ж. Абылай Орто жүздүн ханы болуп шайлангандан кийин кыргыздарды өзүнө баш ийдирип алууга аракет кылган. Абылайга таянган казак уруулары чек аралаш аймактардагы кыргыз конуштарына көчүп келип жайыттарды ээлей баштаган. Чанычкулудан Бердикожо; Чапыраштыдан Кооман, Жабек, Качыке ж-а Дөөлөт; Ботбайдан Түлөкабыл, Жайсаң; Кашкородон Малдыбай, Конушбай сыяктуу баатырлар баштап келип, кыргыздын жерлерине ээлик кылышкан. Ушундай кырдаалга байланыштуу Таластын оозундагы Капкада оң канаттан Эсенгул баатырдын, сол канаттан Туума бийдин жетекчилигинде бийлердин кеңеши өткөрүлгөн. Кеңештин жыйынтыгы б-ча кыргыз конуштарын казактардан коргоп калуу максатында Кетмен-Төбөдөгү каба саяктарды Таласка, Кочкордогу чекир саяктарды Чүйгө көчүрүп келүү керек деген бүтүмгө келишкен. Өз ара кагылышуулардын айынан кыргыздардын колунан казак баатырлары Качыке, Кооман, Жабек ж-а көкжарлы Барак каза болот. Натыйжада кыргыздардан жеңилген казактар Сары-Аркадагы Абылай ханга даттанып барышкан. Кытай даректеринин ырастаганы б-ча Абылай хан 1774-ж. кыргыздардын аймагына кол сал ган. Ошол учурдагы Кара-Балтадагы салгылашууда Атаке баатыр жеңилип, Таласка чегинген. Буга жооп кылып, Садыр ж-а Жайыл баа тырлар Чолок-Коргон, Созок аймактарындагы казактарга жортуул жасап, жылкы тийип турушкан. Улуу жүздүн бийлери Жоогачты өкүл кылып, Абылай ханга жиберишкен. 1779-ж. Абылай хан чоң күч м-н кыргыздарга каршы аттанып, колунун бир бөлүгүн Олуя-Атага, экинчисин Таластын Капкасындагы Садыр баатырга ж-а үчүнчүсүн Чүйгө жөнөткөн. Чүйдүн аягы Түйүшкенттеги салгылашууда солтонун талкан уругу катуу жеңилип, Жайыл үч уулу м-н туткунга түшкөн. Капыстан тийген жоого Садыр дагы туруштук бере албай туткунга алынган. Ушул согушта солто уруусуна жардамга келаткан саруунун айрым бөлүктөрү жаңылыш Абылайдын колуна туш болгон. «Эрдигинен солто өлдү, энөөлүгүнөн куубилек, колпоч өлдү» де ген сөз ошондон калган. Жоо капысынан кол салгандыктан, башка уруулар өз учурунда жар дамга келалбай калган. Акырында кыргыздар Абылай хандан жеңилген. Кыргыздын башчысы чоң бий Эсенгул баатыр 21 жаштагы Түлөберди Жамансарт уулун элчиликке жиберген. Түлөбер ди Абылай хандын кабыл алуусунда болуп, тирүү калган туткундарды бошотуп алган. Абы лай хан жер маселеси б-ча кыргыздарга катуу талап койгон. Түлөберди келгенден кийин Эсен гул баатыр кыргыздын аттуу-баштуулары м-н кеңешип жер б-ча Абылай м-н макулдашуу ке- ректиги айтылган. 1780-ж. сол канаттан Туума бий ж-а Мама бийдин, солтодон Кебек бий м-н Түлөбердинин, сарыбагыштан Эсенгул баатыр м-н Атаке баатырдын, бугудан Бирназар бийдин, чекир саяктан Жамболот баатыр м-н Качыке баатырдын, саяктан Сейит бий м-н Келдибектин катышуусунда Абылай хандын алдында кыргыз-казак жер чеги ажыратылган. Кыргыздын жер чеги батыш жагы Күйүктүн бели, Үчбуурул, Түймөкент, Абылкайыр, Курагаттынын Чүйгө куйган жери Түйүшкөн, Чүйдүн суусун кечип өтүп, Чокмордун кайкысын басып, Иленин суусун жээктеп келип, Үчалматыдан токтогон. Башы Үчалматы, түндүгү Иле бою, аягы Чокмордун бели, Курагаттынын Чүйгө куйган жери, батыш жагы кичи Буурул - чоң Буурул, Күйүктүн бели, Терс суусу андан ары Чаткал суусунун аягы Кой-Ташка чейинки жерлер Абылай хандын алдында кыргыз-казак жер чеги катары аныкталган. Тынчтык мамилени сактап туруу үчүн кыргыздар Түлөбердини казактарга ак үйлүүгө көчүрүшкөн. Бердикожо баатырдын 1785-ж. баштаган согушуна чейин эки тараптын мамилеси тынч болгон.
Ад.: Алымбеков Т. Кыргыз урууларынын чыгышы/ КЖФ № 364; Алымбеков Т. Кокон хандыгына чейинки кыргыз турмушу жөнундө / №1454; Асанов Т. Кыргызско-казахские взаимоотношения и пограничные вопросы XVm-XIX вв. / Вестник КГНУ; Сапаралиев Д. Б. Взаимоотношения кыргызского народа с Россией и соседними народами в XVIII в. Б., 1995; Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Шинжаң эл басмасы, 2004. Т. Асанов.