«АВРОРА»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – Балтика флотунун 1-рангадагы брондуу крейсери. 1900-ж. сууга түшүрүлгөн,

1903-ж. флот катарына кирген. 1904–05-ж. орусяпон согушунда Цусима салгылашуусуна катышкан. 1917-ж. 25-октябрда (7-ноябрь) «А-нын» замбирегинен атылган кур дүрмөт болыпевиктерге Кышкы сарайды алууга белги берген ж-а анын десанты куралдуу көтөрүлүшкө тике катышкан. 1948-ж. 17-ноябрда рев-янын эстелиги катары «А-нын» Нева д-нда түбөлүк туруусу белгиленген. 1956-ж. «А.» крейсеринде Борб. аскер-деңиз музейинин филиалы ачылган (Санкт-Петербург ш.).