АВЕРСИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:51, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(лат. aversio - жерүү, эң жаман көрүү), жыныстык – жыныстык катнашууну жек көрүүдөн же көңүл калуудан келип чыккан түгөйлөр ортосундагы мамилелердин бузулушу (сейрек учурайт). Аялда жыныстык запкыдан (зордуктоо, күйөөсүнөн көңүлү калышы) улам анын психикасына доо кеткенде пайда болот. А. ар кандай даражага, мис., ынакташуу учурунда чыккан кенедей ызалануудан тартып, ынагын таптакыр көргүсү келбөө абалына чейин жетиши мүмкүн. Эркектерде А. кээде сексуалдык өзгөрүүнүн белгиси болушу мүмкүн. А-дан толук айыгат, аны дарылоодо психотерапевдик ыкмалар колдонулат.