АВВАКУМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:51, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Петров (20. 11. 1620–14. 4. 1682) – орустун эски ырым-жырымдарын жактоочуларынын диний кыймылынын (старообрядчество) идеологу, протопоп. Патриарх Никондун чиркөө реформасын таануудан баш тарткандыгы үчүн 1653-ж. үй-бүлөсү м-н Тобольскиге сүргүнгө айдалган. 1663-ж. Москвага кайтып келген, бирок расмий чиркөө м-н күрөшүн уланта берген. 1666-ж. чиркөөлүк собордун чечими м-н А. чиркөөдөн четтетилген (анафемага берилген), Пустозерской острогуна сүргүнгө айдалган,

1682-ж. чиркөө соборунун өкүмү м-н жыгач тамда өрттөлгөн. Өзүнүн чыгармаларында («Книга бесед», «Книга толкований», атактуу «Житие» ж. б.) расмий чиркөөнүн каталарын ж-а падышанын «чындыкка жатпаган калпычылыгын» айгинелеп бетин ачкан.

Б.	Солтонбеков.