АБШЫР-САЙ (жер)
– Ош обл-нун Ноокат р-нундагы табигый кооз жер. Райондун борбору Эски-Ноокаттан 25–26 км аралыкта. Абшыр-Сай суусу Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталынан
агып түшүп, адырларга өтөөрдө акиташ тектеринен түзүлгөн аскаларды кесип агып, тар ж-а терең капчыгайды пайда кылат. Капчыгайдын таманынын жазылыгы 20 мдей, уз. 2 км, салыштырма бийикт. 600– 800 м, абс. бийикт. 1800–1900 м. Өрөөндүн таманынан 30–35 м бийиктикте, кап-
чыгайдын оң капталындагы диаметри 2 м келген үңкүрдөн булак атырылып чыгып (чыгымы 0,3 м3/секга, жакын), эки баскычтуу шаркыратманы пайда кылат. Биринчи баскычтын би йикт. 15 мден ашык, экинчиси 11–12 м. Өрөөндөгү сууга салыштырганда шаркыратманын суу су тунук, муздак, кальций, магнийге бай. Суу жер астындагы карсттык көлмөнүн бир четиндеги жарака м-н жыл бою бир калыпта сыртка чыгат. А-С. шаркыратмасыньш тегереги өзгөчө кооз, суу жээктей бадалдар өсөт; алардын арасына тал-терек, мөмө дарактары тигилген. Шаркыратманы даана көрүш үчүн капчыгайдын эки капталына бетон тепкичтер ж-а тектирчелер курулган.