АБСОЛЮТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:51, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
, чексиз монархия– жогорку бийлик бүт бойдон монархка (импера тор, король, падыша, хан) таандык болгон мамл. башкаруунун формасы. А. мамл. бийликтин жогорку деңгээлде борборлоштурулушу, анын таянычы катары кеңири кулач жайган бюрократтык башкаруу аппаратынын, туруктуу армия ж-а полициянын түзүлүшү м-н мүнөздөлөт. О. кылымдарда абсолюттук монархия орногон мамлекеттерде сословиелик өкүлчүлүк органдары жоюлган же алардын таасири төмөндөгөн. А. Батыш Европа өлкөлөрүндө 17–18-к-да, Россияда (самодержавие) 18-к-дын аягы – 20-к-дын башында жогорку деңгээлге жеткен. 17–18-к-да алгачкы бурж. рев-ялар А-ди кулатып, конституциялык монархияны (Англияда) же республиканы (Францияда) орноткон. Россияда

А. 1917-ж. февраль рев-ясынын, Бухара м-н Хивада 1920-ж. элдик рев-янын, Түркияда 1921-ж. улуттук-боштондук күрөштүн натыйжасында кулатылган. А. азыркы күндө Бириккен Араб Эмираттары, Оман, Катар ж-а Сауд Аравиясы сыяктуу мамлекеттерде орун алган.