АБСЕНТЕИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:51, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (гр. absentis – катышпаган, фр. absenteisme – катышпоо) – шайлоочулардын

шайлоого ж-а референдумдарга катышуудан баш тартышы. А. тар маанисинде – шайлоо укугуна ээ адамдар шайлоочулардын тизмесине катталуудан же добуш берген күнү шайлоо участогуна келүүдөн баш тартуусу; кең маанисинде – шайлоо участогуна келгени м-н өз пикирин билдирбестен, шайлоо урнасына кийин жараксыз деп табылган бюллетендерди салган же такыр эле салбай кеткен шайлоочуларды айтса болот. А-дин активдүү А. (шайлоочунун добуш берүүдөн, шайлоого катышуудан баш тартууну өз эрки м-н тандап алган түрү) ж-а пассивдүү А. (сая сий апатиянын, б. а. саясий кайдыгерликтин натыйжасы), туруктуу А. (саясий иш-чараларга тыюу салган айрым диний сектадагылар, о. эле саясий пассивдүүлүк, шайлоонун жыйынтыгына ишенбөөчүлүк, саясий партиялардан ж-а анын лидерлеринен көңүл калуу ж. б. м-н байланыштуу) деген түрлөрү бар. Шайлоого адам дар кээ бир учурларда башка жерлерге көчүп кетүүнүн, командировка, отпуск ж. б. шарттарга байланыштуу, о. эле референдумдун же кандидаттардын программалары шайлоочунун кызыкчылыгына жооп бербеген учурда же сая сий мад-ттын төмөндүгүнүн натыйжасында катышпай калуусу ыктымал. Бийлик тарабынан шайлоо процесстери катуу көзөмөлдөнгөн тоталитардык мамлекеттерде А-дин көрсөткүчү өтө төмөн болот. Анда көбүнчө добуш берүүгө катышпагандар 10% ке жакынын гана түзөт. Ай рым өлкөлөрдө (Бельгия, Австралия, Австриянын бир бөлүгүндө) шайлоого катышпагандарга штраф, мамл. кызматка алууга убактылуу тыюу салуу ж. б. чаралар көрүлөт, о. эле шай лоо корпусуна шайлоо укугуна ээ шайлоочулар толугу м-н камтылбастан, өздөрү катталгандардын гана камтылышы А-дин көрсөткүчүн жасалма түрдө төмөндөтөт. А. негизинен Швейца рия ж-а АКШга мүнөздүү болсо, 20-к-дын аяк ченинен Чыгыш Европа өлкөлөрүнө да тарай баштаган. Кырг-нда да айрым учурларда А. бол гон учурлар белгилүү. Учурда көпчүлүк өлкө лөрдө, а. и. Кырг-нда да шайлоонун өтүшүнө карата тоскоолдуктарды жоюу ж-а А-дин алдын алуу максатында атайы шарттар иштелип чыккан. Анда шайлоону жекшемби күнү гана өткөрүү, жашаган жеринен алыс, башка жерде жүргөндөргө атайын шайлоо күбөлүгүн берүү, ден соолугуна байланыштуу шайлоо участогуна келе албагандарга атайын комиссия барып, добушун алып келүү каралган.