АБОЛИЦИОНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:51, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (лат. abolitio - жоготуу, алып таштоо) – 1) кандайдыр бир мыйзамды жокко чыгаруу үчүн болгон коомдук кыймыл; 2) 18-к-дын аягы – 19-к-дагы АКШда негрлер кулчулугун жоюуга багытталган кыймыл. Кулчулуктан кутулуу үчүн АКШнын түштүгүндө негрлер кубаттуу көтөрүлүштөргө (1800, 1831) чыгышкан. А. кыймылы амер. кулчулукка каршы күрөшүү коому түзүлгөндөн (1833) тар тып уюмдашкан түрдө жүрө баштаган. АКШ дагы Граждандык согуштун (1861–65) натыйжасында Линкольндун өкмөтү козголоңго катышкан кул негрлерди жер ыйгарбай азат кылуу актысын кабыл алган; 3) 18–19-к-да Улуу Британия, Франция ж. б. бир катар Батыш өлкөлөрүндө колониялардагы кулчулукту жоюу үчүн кулач жайган күрөш.