АБИОТА ФАКТОРЛОРУ
Jump to navigation
Jump to search
(а, гр. bio – жашоо ж-а лат. factor — жасоочу) –жансыз жаратылыштын орг. эмес дүйнөсүнүн компоненттеринин ж-а кубулуштарынын тирүү организмдерге түз ж-а кыйыр таасир этүүчү шарттары. Аларга неги зинен климаттык, эдафикалык (топурак чөйрөсүнүн), орографиялык, гидрографиялык факторлор кирет. Бирок, анда өзгөчө орунду климаттык факторлор (күн радиациясы, жарык режими, темп-pa, нымдуулук, жаан-чачын, ша мал, басым ж. б.) ээлейт. Күн радиациясы энергиянын ж-а жарыктын негизги булагы болгондуктан, биосферанын жылуулук балансын ж-а темп-ралык режимин аныктайт. О. эле күн ра диациясы негизги экол. фактордун кызматын аткарып, тирүү организмдердин физиол. ж-а морфол. өнүгүүсүнө таасир этет. Мында климат тык башка факторлор да орчундуу мааниге ээ. Жер бетиндеги өсүмдүк дүйнөсүнүн ж. б. ланд шафт компоненттеринин зоналдуулугу (тунд ра, тайга, талая, чөл, саванна, нымдуу тропик токою ж. б.) да негизинен климаттык факторлорго баш ийет. Организм тиричилигинде топу рак кыртышынын да мааниси зор. Мис., өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү топурактын структурасына, мех. курамына, кычкылдуулугуна (pH), күрдүүлүгүнө, курамындагы хим. элементтерге ж. б. байланыштуу. Б. Үсөнканов.