АБДЫЛДАБЕК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Алымбек уулу (болжол м-н 1831/32 –1876) – 1873–76-ж. кыргыздардын Ко кон хандыгына ж-а орус баскынчыларына каршы күрөшүн жетектегендердин бири. Алым бек датка м-н Курманжан датканын тун уулу. 1862-ж. Алымбек датка хан сарайындагы кутумда өлтүрүлгөндөн кийин А. Ош ш-н башка-

рып калган. Кокон хандыгынын эзүүсүнө кар шы 1865-ж. алайлык кыргыздар баштаган көтө рүлүш Кырг-ндын бардык түш. аймактарына тарап, 1873-ж. Фергананын борб. бөлүгүн камтыган. Ага кыргыздар гана эмес өзбек, тажик элдери да кошулган. Көтөрүлүшчүлөр кыргыздын ичкилик уруусунан чыккан Исхак Асан уулун Полот хан деп жарыялашкан. Ошол учурда аны жандап жүргөн А-тин бул окуяда салымы өтө зор. Көтөрүлүш ийгиликсиз аяктап, Полот хан орустар тарабынан даргага асылган. Кокон хандыгы биротоло жоюлуп, Россиянын үстөмдүгү орнотулган. Орус баскынчыларына каршы күрөш кыргыздардын арасында 1876-ж. августуна чейин улантылган. Анын башында Курманжан датка ж-а анын балдары турган. Күрөштү биротоло басуу үчүн орус аскерлери эки жолу аскердик жүрүшкө чыгууга аргасыз болушкан. 1876-ж. апрелде орус аскерлеринин отря ды Алайдын Жаңырык капчыгайында А. баш таган кыргыз кошуунунун катуу каршылыгына кабылган. Жерг. чыккынчылардын жардамы м-н гана орус аскерлери коргонууда турган кыргыз кошуунунун артынан капысынан чабуул коюп, ийгиликке жетишкен. Бирок орус аскерлери тоо арасын аралап кеткен кыргыз дардын изине түшүүгө даай албай, артка кайтууга аргасыз болгон. 1876-ж. июль-август айларында генерал Д. Скобелев 2-Алай экспедициясын уюштуруп, кыргыздарды жазалоого аракет кылган. Орус аскерлери А. баштаган кыр гыздарды туткунга алууга мүмкүн эмес экендигине көзү жеткен соң, анын энеси Курманжан датканы Д. Скобелевге алып келишет. Ал датканы сый-урмат м-н тосуп алып, уулу А. баштаган кыргыздарды орус бийлигине баш ийдирип берүүнү өтүнгөн. Курманжан датка генералдын сунушун кабыл алууга аргасыз болуп, натыйжада алайлыктар (17380 түтүн) Россия нын бийлигин тааныган. Бирок, А. орус бий лигине баш ийгиси келбей Афганистанга өтүп кет кен. Ошол жерден көз жумуп, жүрөгү Алай жергесине алып келип коюлган.