АБДЫКЕРИМ Беки уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Беки уулу (1880, Жалал-Абад обл., Базар-Коргон р-ну, Сейдикум айылы - ө. ж. б.) – манасчы. «Манас» айтууну атасынан үйрөнгөн. Жаш кезинде аш-тойлордо, кыз оюндарында жамактатып ыр чыгарып, элдик жөө жомокторду да айта коюп жүргөн. А-дин айтуусунда «Манастын Кыз Сайкалды алышы» эпи зоду жазып алынган. Окуяда Манас кырк чоросу м-н аттанып, Кыз Сайкалды алууга жөнөйт. Манастын келгенин сыйкырында билген Сайкал жөн коёт да, кези келсе кырк чоросунан ажыратып, өзүн экинчи бастырып келгис кыламын деп камынып калат. Манасчынын айтуусунда Кыз Сайкал кайыптан жаралган деп эскерилет. Ал Манастын айтканына көнбөйт ж-а жеңилбейт. Манас кайрылып элине кетет. Экинчи жолу барганда Кыз Сайкал сайышка чыкпастан, Манастын алдына Тайбуурул тулпарын тартуулап, бир түнөтөт да, мен тиги дүйнөлүк жарың болом, бул дүйнөлүк жарың Каныкей деп узатат. А-ден жазып алынган бул эпизод КР УИАнын Кол жазмалар фондунда сакталып турат.