АБДЫКАДЫРОВ Жалил

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Жалил (1932, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Чырак айылы - 1986, Бишкек) - режиссёр, коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1964), Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1986). 1946-ж. Каракол пед. окуу жайын, 1954-ж. Ташкенттеги А. Н. Островский атн. театр ин-тунун режиссёрдук ф-тин бүткөн. 195460-ж. Ысык-Көл обл. драма театрында башкы режиссёр,
АБДЫКАДЫРОВ 138.png

1959- 73-ж. Кыргыз мамл. акад. драма театрында башкы режиссёр, режиссёр-коюучу, 1973-77-ж. Кыргыз телекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу к-нин адабий-драмалык редакциясынын башкы редактору, 1977-80-ж. Нарын муз. драма театрында, 1982-84-ж. Кыргыз мамл. акад. драма театрында режиссёр-коюучу болуп иштеген. А. орус, батыш классиктеринин ж-а кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын театрлаштырган: М. Горькийдин («Васса Железнова»), Я. Галандын («Таң алдындагы сүйүү»), Н. Хикметтин («Унутулган адам»), А. Токомбаевдин («Өлбөстүн үрөнү»),
Ч. Айтматовдун («Бетме-бет», «Биринчи мугалим», «Жамийла»), Т. Абдумомуновдун («Ашырбай», «Сүйүү жана үмүт»), Ш. Садыбакасовдун («Ак боз ат»), Ж. Абдыкадыровдун («Олжобай менен Кишимжан»), С. Ахмаджан («Келиндер козголоңу») ж. б. 80ден ашык чыгарманы респнын театрларында койгон. Айрыкча Б. Жакиевдин «Атанын тагдыры» (1965), У. Шекспирдин «Король Лир» (1965), Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) драмалары Москвада көрсөтүлүп, жогору бааланышы А-дун элдик, эпикалык көркөм өнөрдүн салттарын те рең чагылдыра билгендигин, режиссёр катары кайталангыс өзүнчөлүгүн далилдейт. Бир нече пьеса, аңгеме, ырлардын автору, көптөгөн адабий котормолору бар. Медалдар м-н сыйланган.