АБДУЛЛА Хафиз
Jump to navigation
Jump to search
ХАФИЗ (чыныгы аты-жөнү - Файзуллаев Абдулла; 1869–1944) - артист, Кыргыз ССРинин эл арт. (1940), Өзбек ССРинин эл ырчысы (1943). Намангандагы шайырлар ийриминде, Чыгыш труппасында, Оштогу муз. драма театрында, согуш жылдарында Ташкент обл-нун
Янги-Юл шаардык муз. драма ж-а комедия театрында иштеген. «Көчө багы», «Ош шагы», «Эшпай», «Абдурахман Беги», «Баят», «Календер» ж. б. ырларды аткарган. А. X. аткарган мукамдуу ырлары Кыргыз радиосунун фондуна жазылып алынган.