АБДРАКМАНОВ Садырбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Садырбек (19. 12. 1928, ЫсыкКөл обл., Жети-Өгүз р-ну, Даркан айылы – 8. 10. 2011, Бишкек) – мамл. ж-a саясий ишмер, Кыргыз ССРинин а. ч-на эмг. сиң. кызматкери. 1944–53-ж. Даркан жети жылдык мектебинде мугалим, 1953–55-ж. партиянын Покровка райкомунун пропагандисти, пропаганда бөлүмүнүн башчысы, секретары. 1955– 58-ж. Кырг-н ЛКСМ Ысык-Көл обкомунун 2-, 1-секретары, 1958–60-ж. партиянын Каракол райкомунун секретары. 1960-ж. Кырг-н
АБДРАКМАНОВ24.png

КП БКнын инструктору, 1960–82-ж. Жети-Өгүз р-ндук аткомунун төрагасынын орун басары, төрагасы, партиянын Жети-Өгүз, Түп райкомдорунун 1-секретары, 1982–98-ж. Кыргыз ССР Даярдоо ж-а дан азыктар министри, «Бишкек Дан-Азык» АКнын башкы директору болуп иште ген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6-чакырылышынын ж-а КР ЖКнын «легендарлуу парламентинин» депутаты. Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.