АБДРАИМОВ Самудин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Самудин (1944-ж. т., Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Отуз-Уул айылы) – электрмеханик, техника илимд. доктору (1988), проф.
АБДРАИМОВ 623.png

(1989) , КРдин УИАнын корр. мүчөсү (2000), КР-нын эмг. сиң. ойлоп табуучусу (1983). ФПИни (1971) ж-a ошол эле жерде аспирантураны бүтүргөн.
КРдин ИАнын инженери, ил. кызматкер, лаборатория башчысы, Машина таануу ин-тунун директору (1993–95), КРдин инженердик академиясынын президенти (1991-жылдан),
Кыргыз тоо кен-металлургия ин-тунда кафедра башчы. 290дон ашык ил. эмгеги, а. и. 10 монографиясы жарык көргөн, 87 ойлоп табуунун, 16 патенттин ээси. Ил. эмгектери негизинен өзгөрүлмө структурадагы механизмдер ж-a тоо кен машиналарын түзүүгө, өркүндөтүүгө арналган.
Эмг.: Шарнирно-рычажные механизмы переменной структуры. Б., 1993; Построение механизмов пере менной структуры и исследование их динамики (ДСП). Ф„ 1990.