АБДИРАИМШАМА, Абдираим Шаматов

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Абдираим Шаматов (1892, Баткен обл., Лейлек р-ну – 1953, Тажик Республикасынын Хожент обл.) – жазгыч ж-а төкмө акын. Алгачкы билимди Ак-Суудагы медреседен, 1905-10-ж. Хоженттин Нов ш-ндагы мусулман мектебинен алган. 1913-ж. Хожент ш-ндагы орус-тузем мектебин бүтүргөн. КРдин УИАнын Кол жазмалар фондунда анын 191629-ж. чейин жазган араб арибиндеги ыр дептери сакталып турат. А. жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жерг. аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу аталган дептердеги ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын эл арасына кеңири тараган санат, терме, насыят жанрындагы ырлары да арбын. Он эки жылдык өмүрү түрмөдө өткөнүнө, андан кийин «боштондуктагы» 8 жылдык өмүрү да тынч өтпөгөнүнө карабастан, патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан акындардын бири болгон.	Б.	Кебекова.