АБД ЭЛЬ-КЕРИМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (1882–1963, Каир) – Мароккодогу риф уруулардын көтөрүлүшүнүн жол башчысы, Риф респ-нын (1921–26) жетекчиси. 1915-ж. өз уруулаштарын улуттук-боштондук күрөшкө үндөгөндүгү үчүн Испания колониялык бийлиги аны түрмөгө камап, 1916-ж. бошоткон. 1921–26-ж. рифтиктердин адегенде испан, 1925-жылдан француз колонизаторлоруна каршы боштондук күрөшүнүн башында болгон. 1921–26-ж. Риф респ-нын президенти (эмири). 1926-ж. француздардын колуна түшүп, Реюньон а-на сүргүнгө айдалат. 1947-ж. май айында саясийиш жүргүзүүдөн баш тартуу шарты м-н Францияда жашоого уруксат алган. Порт-Саидде кемеден качып чыгып, Каирге туруп калат. 1948–56-ж. Түн. Африканы боштондукка чыгаруу к-тинин башында болгон. Марокко көз карандысыздыгын алган соң (1956) Африка жергесинде француз аскерлери турганда мекенине кайтып келбестигин билдирген.