АББАСИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – Араб халифтеринин династиясы (750–1258). Мухаммед пайгамбардын агасы Аббастан таралган. А. Омеяддар династиясына каршы чыккан шииттик козголондун натыйжасында бийликке келген. Биринчи халифи -

Абу-л-Аббас ас-Саффах (750–754) болгон. А. халифаты ал-Мансурдун (75–775), ал-Махдинин (775–785), Харун ар-Рашиддин (786–809), ал-Момундун (813–833) тушунда өзгөчө күч ал ган. Жалпысынан династиядан 37 халиф чыккан.
А. тушунда халифаттын ордосу Сириядан Иракка көчүрүлүп, анын борбору 762-ж. ал-Момун тарабынан негизделген Багдад ш. болуп калган (айрым ад-ттарда А. мамлекетин Баг дад халифаты деп да аташат). 8-к-дын аягында А. халифатынан айрым аймактар бөлүнөт (мис., Марокко, 788). 9-к-да А. халифатынын ыдыроо процесси күч алган, Ирандын, О. Азиянын, Закавказьенин, Египеттин аймагында жерг. династиялар (Тахириддер, Саффариддер, Тулуниддер, Багратилер ж. б.) башкарган өз алдынча мамлекеттер түзүлө баштайт. 945-ж. Буилер Багдадды басып алышып, А-ди саясий бийликтен ажыраткан. А. диний иштерге гана аралашып калган. 1258-ж. Хулагу хан баштаган монголдор Багдадды басып алып, А. династиясы жоюлган. А-дин халифи - аль-Мустасим (1242–58) Хулагу-хан тарабынан өлтүрүлгөн. Хулагулардын куугунтугунан аман калган А-дин өкүлү ал-Мустансирди 1261-ж. Египеттеги мамлюк султаны Бейбарс халиф деп тааныган. 1517-ж. Египетти түрктөр басып алган соң, түрк султаны Селим халиф Мутаваккил Шнү Стамбулга көчүрүп, ошондон кийин халиф атагы түрк султандарына өткөн. А-дин тушунда чыгыштагы ири мамлекет – Араб халифаты нын түзүлүшү аяктаган. А. доору–- мусулман мамлекеттүүлүгүнүн ж-а мад-тынын гүлдөгөн мезгили болгон.
Ад.: Бартольд В. В. Соч., т. 6. М., 1966, с. 15-78; Беляев Е. А Арабы, ислам и арабский халифат. М., 1965; Михайлова И. Б. Средневековый Багдад. М., 1990.