АБА ЫРАЙЫ БОЮНЧА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – тез байланыштыруучу каналдар м-н туташтырылган дүйнөлүк ж-а аймактык (улуттук) метеорол. борбордон туруучу система. Анын максаты – улуттук ме теорол. кызматтын ишин жеңилдетүү ж-а жакшыртуу үчүн бүт жер шарындагы аба ырайы ж-дө маалыматтарды топтоо ж-а аларды аныктоону борборлоштуруу. Борбордо материал топ тоо ж-а аныктоо жумуштары автоматташтырылган түрдө жүргүзүлүп, жерг. метеорол. кызматтар үчүн даяр карталарды, күндөлүк ж-а боло турган аба ырайы, океандын абалы ж-дөгү маа лыматтарды таратып турат.