АБАШЕВ МАДАНИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 А б а ш е в м а д а н и й – т а р ы х ы й к о о м у – азыркы Воронеж обл-нун Марий, Чуваш ж-а Башкир АССРинин аймактарындагы кеч коло дооруна (б. з. ч. 3-миң жылдыктын 2-жарымы – б. з. ч. 2-миң жылдыктын башы) таандык археол. мад-т. Ал жогорку Десна, Сейм ж-а Түн. Донецтен батышта Урал м-н Тоболдун кесилишине ж-а чыгышта Волга м-н Дондун түштүгүндөгү имерилишине чейин таралган. Абашево (Чувашия) айылындагы биринчи изилденген көрүстөндөн улам аталган. А. м-нын эстеликтерин 1925-ж. В. Ф. Смолин изилдеген. Маданий-тарыхый коомдун алкагында Дон-Волга, Орто Волга ж-а Урал-А. м. болуп бөлүнөт. Көрүстөндөн оймо-чиймеленген карапа идиштери, жез ж-а күмүш жасалгалар, таштан, жезден ж-а сөөктөн жасалган эмгек куралдары табылган. Эмгек куралдары аңчылыкты, мал чарбасын ж-а дыйканчылыкты, жез шаймандары металлургиянын өнүгүшүн айгинелейт.