АБАЛ ПАРАМЕТРЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 термодинамикалык параметрлер – термод. системанын абалын мүнөздөөчү физ. чондуктар. Аларга темп-pa, басым, көлөм, магниттелиш, электр

поляризациясы ж. б. кирет. А. п. экстенсивдүү ж-a интенсивдүү болуп эки түргө бөлүнөт. Экс тенсивдүү А. п. көлөм, ички энергия, энтропия, энтальпия ж. б. системанын массасына пропорциялаш. Интенсивдүү А. п. системанын массасына көз каранды эмес, аларга басым, темп-ра, концент., магниттик индукция ж. б. кирет. Тең салмактуу системанын абалын саналуу гана А. п. м-н белгилөөгө болот.