АБАКИРОВ Эмилбек
Jump to navigation
Jump to search
Эмилбек (18. 3. 1929-ж.т., азыркы Нарын обл., Кочкор р-ну, Ак-Кудук айылы) – коомдук ж-a мамл. ишмер, сов. профсоюз кыймылынын ишмери. СССР эл депутаты (1989—91). Фрунзе кооперативдик техникумун (1949), КМУну (1953) бүтүргөн. 1946–49-ж. Чүй р-нундагы «Шамшы» совхозунда жумушчу, Кара-Дөбө айылдык керек-жарак коомунда эсепчи, 1953–58-ж. Ош пед. ин-тунда окутуучу, улук окутуучу, комсомол к-тинин секретары, 195–59-ж. комсомолдун Ош обкомунун секретары, 1959–60-ж. Ош пед. ин-тунда улук окутуучу, 1960–70-ж. Кырг-н КП Ош обкомунун инструктору, бөлүм башчысынын орун басары,
бөлүм башчысы, 1970–71-ж. Кырг-н КП
Ош шааркомунун 1-секретары, 1971–73-ж.
Кырг-н КП БКнын уюпггуруу-партиялык
бөлүмүнүн башчысынын 1-орун басары,
1973–95-ж. Кырг-н профсоюздар советинин
төрагасы, 1995–98-ж. Борб. Азия, Азербайжан
ж-a Түркия Респ-нын Профсоюздук борбору
нун Консультациялык кеңешинин башкы
катчысы, 1995–2007-ж. «Достук» мейманкана
сы АКнын Башкы директорунун орун басары,
2007-жылдан Башкы директордун
кеңешчиси. Октябрь Революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, 3-даражадагы «Манас» ордендери м-н сыйланган.