АБАКИРОВ Барктабас

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Барктабас (2. 5. 1933, Нарын обл., Кочкор р-ну, Төрткүл айылы - 26. 5. 2006, Биш кек) - акын, журналист, коомдук ишмер, КРнын мад-тына эмг. сиң. ишмер (1983). Бишкектеги К. И. Скрябин атн. айыл чарба ин-тун (1955), Москвадагы Жогорку партиялык мектеп тин журналистика бөлүмүн (1970) бүткөн. 196063-ж. «Советтик Кыргызстан», 1963-68-ж. райондук «Эмгек туусу», 1971-80-ж. облустук «На рын правдасы» гезитинде башкы редактор, 198083-ж. «Кыргызстан» басмасында директор, 198387-ж. «Кыргызстан айыл чарбасы» журналында башкы редактор, 1987-жылдан КРдин Маданият министрлигинде жетектөөчү редактор бо луп иштеген. «Чаарчык» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы 1961-ж. жарыкка чыккан. Ал «Сапар» (1965), «Тоо таңы» (1968), «Бийик жерде» (1970), «Нарын агат» (1973), «Жылдар барагы» (1978),

«Күтүү» (1979), «Соң-Көл толкуну» (1982), «Элүүнчү жаз», «Жыр кесте» (1983), «Нарын күндөрү», «Арча бешик» (1985), «Өмүр кадамдары» (1989), «Манасчы Сагымбай» (1993), «Кыргыз үнү» (1997) аттуу китептердин автору. Лирикаларында, публ. поэмаларында бийик гражд. пафос, терең социалдык мазмун ачык туюлат. Анын 200дөн ашык ырларына музыка жазылган. Китептери орус, казак тилдерине, көптөгөн ырлары дүйнө элдеринин тилдерине которулган. М. Ю. Лермонтов, С. Есенин, Р. Гамзатов, М. Турсун-Заде, Д. Кугультинов, Б. Степанюк, В. Бээкман ж. б. акындардын ырларын кыргызчага которгон. «Ардак Белгиси» ордени ж-a медалдар м-н сыйланган. Ж. Медералиева.