АБА ДИНАМИКАЛЫК КАЛКЫТУУ КҮЧҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
–  жылма беттүү катуу нерсеге аба агымынын таасир этүү күчү. Самолёттун абада калкытуу күчү анын симметрия (тең таран) тегиздигинде жатат ж-a канаттарынан абанын симметриясыз сылап өтүүсүнөн найда болот (каптал беттери симметриялуу эмес агымга кандайдыр бурч м-н кыйшайтылган). Бул учурда канаттардын үстүңкү бетинде астына караганда аба агымынын ылдамдыгы чоң, ал эми басымы аз болот. Бул кубулушту Бернулли теңдемеси аркылуу туюнтса да болот. А. к. к. ылдамдык кысымга, канаттын аянтына ж-a анын геом. мүнөздөмөлөрүнө көз каранды болгон калкытуу күчүнүн аба динамикалык коэфф-ине, чабуул бурчуна, Мах санына түз пропорциялаш болгондуктан басымдар айырмасынан, вертолётто аны альш жүрүүчү буралгыларынын жардамы м-н абада калкуу күчү пайда болот.