«АЧЫК БАРАК» («ОТКРЫТЫЙ ЛИСТ»)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:59, 25 Март (Жалган куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ КРдин «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамына ылайык, археол. изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн археолог-адиске берилүүчү расмий документ. КР УИАнын Тарых ин-ту тарабынан берилип, Мад-т министрлигинин эстеликтерди коргоо бөлүмүндө катталат. «А. б-тын» төрт түрү бар: 1) археол. эстеликтердин бардык түрүн казууга, изилдөөгө берилет; 2) археол. чалгындоо иштерин жүргүзүүгө ж-а айрым гана эстеликти изилдөөгө укук берет; 3) археол. чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берет; 4) курулуш иштери же ж. б. себептер м-н бузулуп жаткан эстеликтерди изилдөөгө укук берет. Археол. казуу мезгилинде табылган буюмдар мамл. музейге өткөрүлөт, Кырг-ндан башка жакка алып кетүүгө тыюу салынган. «А. б.» жок археол. казуу иштерин жүргүзгөн адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат. 
                                                                                К. Табалдиев.