БАЗАРБАЕВ Шамшы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:10, 10 Март (Жалган куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Шамшы (1937, Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Долоно-Башат айылы ‒ 2004, Ош ш.) ‒ философ, филос. илимд. доктору (1998), проф. (1993). КРдин билим берүүгө эмг. сиӊ. кызматкери (2001). 1963-ж. КМУнун тарых ф-тин бүтүргөн. 1974‒98-ж. Ош мамл. ун-тинде кафедра башчысы, пед. ж-а тарых ф-ттеринин деканы, 1998-жылдан ун-ттин проректору. 100дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 4 монография нын автору. Ал сов. доордо көлөкөдө кармалып келген дин багытын өзүнүн ил. эмгектеринде тереӊ изилдеп, аны мад-ттын салмактуу бир тармагы катарында таасын көрсөткөн ж-а респ-када биринчилерден болуп окуу китептерин жазган.

Эмг.: Дин ж-а үй-бүлө. Ф., 1972; Образ жизни и атеистические воспитание. Ф., 1990; Кыргыз маданиятынын өнүгүү диалектикасы. Ош, 2001.
Б. Солтонбеков.