АЯЛДАР КЫЙМЫЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:14, 10 Март (Жалган куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ аялдардын экон., коомдук-саясий ж-а маданий чөйрөдөгү теӊ укуктуулук үчүн күрөшү, о. эле алардын саясий кыймылдарга катышуусу. А. к-нын башталышы шайлоого катышууга теӊ укук берүү талаптары м-н Түн. Америкада 1775‒83-ж. көз карандысыз дык үчүн согуштун учурунда пайда болгон. Француз рев-ясынын жүрүшүндө А. к. иш-аракетте рин уюшкандыкта жүргүзүшкөн. Ал жылдары Францияда аялдардын теӊдик үчүн күрөшүнө арналган алгачкы журнал жарык көргөн, аялдардын алгачкы уюму, клубдары пайда болгон. 1791-ж. Улуттук жыйналышка коюлган «Аялдар укуктарынын Декларациясында» (Олимпия де Гуж тарабынан иштелип чыккан) аялдардын социалдык ж-а саясий теӊ укуктуулугун таанууга багытталган. Бирок Француз рев-ясынын көпчүлүк жетекчилери теӊ укуктуулук идеясын четке кагышкан ж-а 1793-жылдын аяк ченинде аялдардын клубдары толугу м-н жабылган. Англияда Мэри Уолстонкрафттын «Аялдардын укугун коргоо» аттуу эмгегинде келечектеги феминисттик кыймылдын негизги багыттары белгиленген. 19-к-дын 1-жарымынан аялдардын билим алууга, 19-к-дын орто ченинен эмгектенүүгө теӊ укуктуулугу тууралуу маселелер көтөрүлө баштаган. АКШда 1848-ж. июлда тарыхта биринчи ирет аялдардын укугун коргоо б-ча съезд өткөрүлгөн, кийин мындай съезддер жыл сайын чакырылган. 19-к-дын аягы ‒ 20-к-дын башында Латын Америкасында, Япония, Индия, Индонезия, Түркия, Иранда да А. к. башталган. 1888-ж. америкалык феминисттердин демилгеси м-н аялдардын эл аралык уюму ‒ аялдардын Эл аралык совети уюшулган. А. к-нын өнүгүшүндө социалист аялдардын Эл аралык конференциялары чоӊ таасир тийгизген. 1-конференцияда (1907, Штутгарт) К. Цеткин башында турган аялдардын Эл аралык секретариаты түзүлгөн. 2-конференцияда (1910, Копенгаген) жыл сайын аялдардын Эл аралык күнүн (к. Аялдардын Эл аралык майрамы) белгилөө тууралуу чечим кабыл алынган. Дүйнөлүк Биринчи (1914‒18) ж-а Экинчи согуштун (1939‒45) учурунда согушка каршы аялдардын Эл аралык комитет тери (1915-ж. Гаагада аялдардын бекем тынчтык үчүн Эл аралык к-ти; 1934-ж. Парижде согушка ж-а фашизмге каршы аялдардын Эл аралык к-ти) түзүлгөн. 1945-ж. курамына 39 өлкөнүн уюмдары кирген аялдардын Эл аралык демокр. федерациясы уюшулган. Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин көпчүлүк өлкөлөрдүн аялдары шайлоо ж. б. саясий укуктарга ээ болгон. 1995-ж. БУУнун демилгеси м-н өткөн IV Эл аралык конференцияда негизинен аялдардын абалын жакшыртуу ж-дө маселелер каралып, А. к-нын бүгүнкү күндөгү жаӊы этабы башталган. Учурдагы социал.-экон. кризистердин шартында аялдардын эл аралык уюмдары социал. конкреттүү маселелерди, алсак адам укуктарын бузууга каршы чечкиндүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Мындан тышкары коомдук, улуттук, эл аралык маселелерге көӊүл бурууда ж-а аларды чечүүдө активдүүлүгүн көрсөтүүдө.
                                                                                                                                        А. Кубатова.